Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Ташиев Кара-Суу базары мамлекетке өтөрүн айтты

Кыска кабар | 27 Янв 2024 | 457 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы соодагерлер менен жолугушту. Бул тууралуу УТРК фейсбукка жарыялаган видеодо айтылды.

Атайын кызмат расмий маалымат бере элек.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу базары толугу менен мамлекетке өтө турганын жарыялады.

«Ушул жер боюнча биз катуу көз салабыз. Мамлекеттик программанын негизинде Кара-Суу базары толук мамлекеттин менчигине өтөт. Мурда менчик ээлери бир, эки, үч, беш гектардан ээлеп алган байлар бар, ал жерлердин баары мамлекетке кайтарылат. Элге керектүү чоң соода борборлору түзүлөт. Ошол соода борборлордун ичинен кызыл китептери барларга менчик катары жерлерди бөлүп беребиз. Жылуу-жумшак отуруп, соода кыласыңар. Мунун баарын мамлекет жасайт. Акчасы көптөр, криминалдар мурдагыдай сатып ала алышпайт» , — деди Ташиев.

Ал бул иштер дароо башталбаса да жаз келери менен соода борборлору курула баштай турганын маалымдады. Кара-Суу базарына соода борборлорду толук куруп бүтүүгө эки жыл убакыт керектигин кошумчалады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 26-январда Кара-Суу районундагы «Туратали» базарынын бир бөлүгүнүн кожоюну камакка алынганын маалымдаган.

Жеке ишкер Ж.К.Ш. өзү көзөмөлдөгөн бөлүктөгү ижарачы соодагерлерди коркутуп, келишим түзүүдө жана аны узартууда 5 миңден 10 миң долларга чейин мыйзамсыз акча алып турганы аныкталган. Ижарачылар соода жайды алдырып жиберүүдөн коркуп, ижара акыдан тышкары да мыйзамсыз акча которуп турууга аргасыз болушкан.

24-январда бул боюнча УКМКга арыз түшкөн. Анын негизинде атайын операция уюштурулуп, соодагерлердин бири мурда суралган 5 миң долларды ишкердин эсебине которгон. Андан кийин УКМК кызматкерлери жеке ишкерди кармап, тергөө абагына камакка алган.

Copyright © 2017 Maral FM