Connect with us

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери 75 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келди

Кыска кабар | 25 Янв 2024 | 198 | 0

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери 75 миңден ашуун этникалык кыргыз мекенине көчүп келип, анын 70 миңи өлкөнүн жарандыгын алышкан.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Акыркы үч жыл аралыгында Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Кытай, Ооганстан жана башка өлкөлөрдөн келген 1729 этникалык кыргыз «кайрылман» статусун алды.

Президент 24-январда «Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамга кол койгон.

Анын негизинде кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздарга мамлекет тарабынан кепилденген социалдык жеңилдиктерди пайдаланууга болот.

Кайрылмандын социалдык статусу ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет, анын курамына УКМКнын, ИИМдин, Эмгек министрлигинин жана калкты каттоо департаментинин өкүлдөрү кирет. Документтерди кароо мөөнөтү эки ай.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM