Connect with us

Таркович: Оманды бир жолу жеңгенбиз, бул жолу да жеңе аларыбызга ишенем

Кыска кабар , Спорт | 25 Янв 2024 | 564 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы бүгүн, 25-январда Катарда өтүп жаткан Азия кубогунда үчүнчү беттешин өткөрөт. Тайпалык баскычтын финалдык беттешинде Оман курама командасы менен беттешет.

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Стефан Таркович оюндан күтүүлөрү тууралуу айтты.

«Оман биздин салттуу атаандашыбыз болуп калды деп айта алабыз. Акыркы алты айда биз эки жолу ойнодук. Омандын бул турнирдеги оюндарын талдадык, алар сапаттуу оюн көрсөтүп, атаандаштарын жеңип алууга чоң мүмкүнчүлүктөрү болду. Эртеңки оюн абдан маанилүү – биз өлкө үчүн күрөшүп, жакшы натыйжаларды көрсөтө аларыбызды далилдегибиз келет.

Оманда жеке сапаттары өнүккөн жана жакшы техникага ээ болгон оюнчулар көп экендигин билебиз. Бирок биздин өзүбүздүн да максаттарыбыз бар. Командабыз буга чейин Оманды бир жолу жеңген, бул нерсени дагы кайталай алабыз деп ишенем» , — деди башкы машыктыруучу.

Ал Сауд Арабиясы менен болгон оюн курама команданын жаш оюнчулары үчүн эмоционалдуу болгонун, ар бир оюнчу  эмоцияларын башкарууну, оюндун ар кандай учурларында салкын кандуулукту сактоону үйрөнүшү керектигин айтты.

Ал ошондой эле улуттук команданын плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнө токтолду.

«Команданын турнирдин кийинки баскычына чыгышы, тилекке каршы, бизден гана көз каранды эмес. Бизден көз каранды болгон нерсе алдыдагы оюнда боло турган жыйынтык. Башка тайпадагы беттештердин жыйынтыктарына көз салып турууга мажбурбуз.

Эгер биз тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото турган болсок, бул биздин оюнчулардын келе жаткан беттешке болгон мотивациясына эч кандай таасир этпейт деп айта алам. Биз жеңиш же тайпадан чыгуу үчүн гана ойнобойбуз. Биз кураманын күйөрмандары жана бүтүндөй өлкө үчүн ойнойбуз» , — деди Таркович.

Катардын борбору Доха шаарындагы Абдулах бин Халифа стадионунда өтө турган оюн Бишкек убактысы боюнча 21:00дө башталат. Беттешти УТРКнын «Спорт» каналы түз алып көрсөтөт.

Азия Кубогу 12-январда башталган, ал 10-февралга чейин уланат. Кубок үчүн беттешке 24 улуттук команда катышып, алты тайпада күч сынашууда.

Улуттук курама команда буга чейин Таиланддын жана Сауд Арабиянын командалары менен ойноп, жеңилип калган.

F тайпасында Сауд Арабия 6 упай менен биринчиде, Таиланд 4 упай менен экинчи, Оманда азыркы тапта бир упай бар. Кыргызстандын курма командасында азырынча упай жок.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM