Connect with us

Депутат Эмил Жамгырчиев камакка алынды

Кыска кабар | 25 Янв 2024 | 441 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 24-январда чыгарды. Бүгүн сот анын баш коргоо чарасын карады.

Депутат УКМКнын убактылуу кармоочу жайында 26-февралга чейин, башкача айтканда, тергөө бүткөнгө чейин болот.

10-январда Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия депутат кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчүн колдогон.

Ага «мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» боюнча айып тагылган.

УКМК билдиргендей, депутат 9-январда ЖКда түзүлгөн комиссиянын чечими чыкканга чейин белгисиз себептер менен качып кеткен.

Парламенттин 10-январдагы жыйынында Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Жамгырчиев күч органдарына тергөө ишине байланыштуу келсе, кармалбай турганын айткан.

12-январда Жамгырчиев Атайын кызматка келип, шектүү катары сурак берип, кайра коё берилген.

Депутаттын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча ишинин материалдары тергелип бүтүп, сотко өткөрүлгөн. 

Copyright © 2017 Maral FM