Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев камакка алынды.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 24-январда чыгарды. Бүгүн сот анын баш коргоо чарасын карады.
Депутат УКМКнын убактылуу кармоочу жайында 26-февралга чейин, башкача айтканда, тергөө бүткөнгө чейин болот.
10-январда Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия депутат кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчүн колдогон.
Ага «мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» боюнча айып тагылган.
УКМК билдиргендей, депутат 9-январда ЖКда түзүлгөн комиссиянын чечими чыкканга чейин белгисиз себептер менен качып кеткен.
Парламенттин 10-январдагы жыйынында Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Жамгырчиев күч органдарына тергөө ишине байланыштуу келсе, кармалбай турганын айткан.
12-январда Жамгырчиев Атайын кызматка келип, шектүү катары сурак берип, кайра коё берилген.
Депутаттын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча ишинин материалдары тергелип бүтүп, сотко өткөрүлгөн.