Быйыл тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде Италиянын Рим шаарында «Италия + Борбор Азия» форматындагы жолугушуу өтөт.
Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чара Италиянын «Чоӊ жетиликте» (G7) төрагалыгынын алкагында өткөрүлөт.
23-январда Италиянын Тышкы иштер министрлигинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилери менен Италиянын тышкы иштер министринин орун басары Эдмондо Чириеллинин жолугушуусу өткөн. Ага Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев катышты.
Жолугушууда аймактар аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери, эл аралык уюмдардын жана аймактык платформалардын алкагында кызматташуу тууралуу сөз болгон. Ошондой эле «Италия + Борбор Азия» саммитинини күн тартиби талкууланды.