Connect with us

Боом капчыгайында жер титирөөдөн улам түшкөн таштар тазаланды

Кыска кабар | 23 Янв 2024 | 244 | 0

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 410-чакырым аралыгында жер титирөөдөн улам тоо боорунан кулаган топурак, таштар тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

№957 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери унаа кыймылына тоскоолдук жараткан таштарды кол менен  жана атайын техниканын жардамы менен алып, жумуштар түнкү саат 2:20да жыйынтыкталды.

Өлкөнүн башка унаа жолдорунда мындай көрүнүштөр катталбаганы кабарланды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, түнкү саат 00:09да Кытайдын аймагында  күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл,  Каракол шаарында жана Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM