Connect with us

Ишкерлерге арналган бестселлер китеп кыргызчаланды

Кыска кабар | 15 Дек 2023 | 357 | 0

Бүгүн, 15-декабрда «Китепстан» басма үйү тарабынан кыргызчаланган «НӨЛдөн БИРге: Стартаптар тууралуу маалымат же келечекти кантип курабыз?» (Zero to One: Notes on Startups, or How to Build the Future) аталышындагы эл аралык бестселлер китептин ачылышы болду.

Иш-чарада китептин мааниси, аны кыргызчага которуунун зарылдыгы тууралуу талкуу болду.

Жогорку технологиялар паркынын директору Азиз Абакиров, Accelerate prosperity уюмунун акселерация жетекчиси, бизнес тренер Айжан Алишерова, экономист Элдар Абакиров ишкердик, өлкө экономикасына стартаптын таасири тууралуу ой бөлүшүштү.

«Китепстан» басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаевдин айтуусунда, китепти кыргызчага которууга дээрлик үч жыл кетти.

Эмгекти кыргызчага Элмира Абжапарова которгон.

Китептин автору — PayPal, Palantir компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн бири, Facebook’тун биринчи тышкы инвестору Питер Тил.

Автордун ою боюнча ар бир ийгиликтүү стартаптын өзөгүндө компанияга монополия макамын берген уникалдуу бир продукт жатат.

Питер Тилдин бул китеби жаш ишкерлерге, стартап негиздөөчүлөрүнө  өз компанияларын ийгиликке жетелөө үчүн кандай стратегияны тандоо керектиги тууралуу баалуу кеңештерин берет.

«Китепстан» басма үйү 2018-жылдан бери билим берүү, экономика, саясат, өзүн өзү өнүктүрүү багытындагы чет тилдеги бестселлер китептерди кыргыз окурмандарга жеткирүүнү көздөйт.

Copyright © 2017 Maral FM