Биз менен байланышыңыз

«Маалымат кеч түштү». Кендирбаева онлайн окутуу боюнча сынга жооп берди

Кыска кабар | 13 Дек 2023 | 657 | 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева катуу сууктан улам мектептер онлайн окутууга өтүп жаткандыгы тууралуу эмнеге кеч эскертилгенин түшүндүрдү.

Кендирбаева журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, онлайн окутууга өтүү тууралуу министрликтин буйругу кеч кабыл алынганын айтты. Себеби министрликке катуу суук тууралуу маалымат кеч түшкөн.

«Айрыкча Бишкек шаарындагы ата-энелердин өтүнүчү менен ушундай чечим кабыл алдык. Жолдогу тыгындар, мектепке жетүү оор болгону эске алынды. Бул чечимди министрлик өзү гана кабыл ала албайт. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен байланышабыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кайсы учурда окутууну онлайнга өткөрсө болору тууралуу кабарлайт. Андан кийин чечим кабыл алынат. Ал эми бала бакчалар штаттык режимде иштеп жатат. Себеби аларды ата-энелер автоунаа менен жеткирет» , — деди министр.

Кыргызгидромет борбору өлкө аймактарында 13-14-декабрда катуу суук болорун буга чейин эскерткен. Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн гана мектептер ушул эки күн онлайн окутууга өткөнүн билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев катуу суукта онлайн окутууга өткөрүү тууралуу чечим ата-энелерге кеч билдирилгени үчүн министрлер кабинетиндеги тийиштүү жетекчилерге чара көрүүнү талап кылды.

Ал парламенттин 13-декабрдагы жыйынында окутууну аралыктан жүргүзүү тууралуу алдын ала эскертүү берилбегенин сындады.

«Бишкекте 215 миң окуучу бар. Эртең менен мектепке барышты, кайра онлайн деп үйүнө жиберишти. Бүгүн кычыраган кышта балдарды да ата-энелерди да түйшүккө салдык. Эмне үчүн онлайн окутуу болот деген министрликтин буйругу ата-энелерге жиберилген жок? Ушундай абалга калтырганы үчүн министрлер кабинетиндеги тийиштүү жетекчилерге сөзсүз чара көрүлүшү керек жана мындай нерсе кайталанбашы керек» , — деди депутат Акаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM