Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты

Кыска кабар | 8 Ноя 2023 | 398 | 0

2023-жылдын 1-8-ноябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган тилкелер боюнча тиешелүү ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM