Биз менен байланышыңыз

Исмаилова Кореяда илинген Кыргызстандын желеги тууралуу түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 8 Ноя 2023 | 318 | 0

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кыргызстандын расмий бекитилген желегине дал келбеген желек Кореянын Тэджон шаарындагы Hanbat National University тарабынан тагылганын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Исмаилова ага келген маалыматтардан кийин дароо изилдөө иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстандын элчилиги аталган окуу жай менен байланышып, илинген желек Кыргызстандын расмий бекитилген желегине дал келбей турганын маалымдап, бул боюнча түшүндүрмө берүүсүн суранган.

“Кыргыз Республикасынын элчилиги Hanbat National University менен ыкчам түрдө байланышып, илинген желек Кыргыз Республикасынын расмий бекитилген желегине дал келбей турганын университеттин жетекчилигине маалымдап, эмне үчүн бул туура эмес жасалган желек илингенин түшүндүрүп берүүсүн суранды. Университеттин жетекчилигинин айтымында, алар желекти жергиликтүү фирмадан буйрутма кылып, бирок туура эмес жасалып калганын билбей калгандыгын билдиришти. Макулдашылбаган иш-аракеттер үчүн университеттин жетекчилиги кечирим сурады”, — деди ал.

Элчилик Hanbat National University менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул желекти тез арада алып салууну жана мындан ары Кыргызстан менен байланышкан бардык иш-чараларды элчилик менен макулдашууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM