Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. камакка алынганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 27-сентябрда ата-энесинин камкордугусуз калган өспүрүмдү эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтыруу үчүн адвокаттын жардамы менен опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы И.Н.А. камакка алынган.
Ошол эле учурда, Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. өспүрүмдүн жакын тууганынан адвокаттын ортомчулугу, жардамчысынын жана катчысынын жардамы аркылуу эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаны берүү үчүн пара алганы аныкталган.
Кылмыш иштерине тиешеси бар адамдардан акча каражаттарын алуу боюнча белгиленген коррупциялык схеманын далилдөө базасын бекемдөө максатында бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында 20-октябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А., ошондой эле адвокат Ы.К.М. камакка алынды.
Учурда сот тутумунун арасында ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.