Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ташкент шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын экинчи жолугушуусуна катышты.
Анда коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмге, наркотрафикке жана адам сатууга каршы аракеттенүү, санариптик мейкиндикти коргоо чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүү маселелери талкууланды.
Марат Иманкулов белгилегендей, эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын коркунучтары актуалдуу бойдон калууда, алардын кыйраткыч аракеттери өнүгүү жана интеграция иш-чараларын үзгүлтүккө учуратууга багытталган.
Уюмдун ишмердүүлүгү аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө идеясын колдогон көп тараптуу форматтар менен байланыштарды кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүгө багытталышы керек.
Марат Иманкулов Өзбекстандын жана Түркиянын коопсуздук кеңештеринин башчылары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аймактык коопсуздук жана өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.