Connect with us

Жогорку окуу жайга тестирлөө аркылуу кышкы кабыл алуу ноябрда өтөт

Кыска кабар | 18 Окт 2023 | 637 | 0

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) алдын ала мөөнөтү белгилүү болду.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракееванын айтымында, тестирлөө болжол менен үстүбүздөгү жылы 24-30-ноябрында өтөт.

Былтыр кышкы тестирлөөгө 1 миң 260 адам катышып, анын 800дөн ашыгы өлкөдөгү ЖОЖдорго тапшырган.

Абитуриенттерди кышкы кабыл алуу 35 жогорку окуу жайда жүргүзүлөт, анын ичинен 9 мамлекеттик, 26 жеке менчик. Кабыл алуу жүргүзүлө турган ЖОЖдор менен адистиктердин тизмеси жакында Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланат.

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу окуу акысын төлөө менен келишим (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт. Гранттык орундар каралган эмес.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM