Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашкандай, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча «көзөмөлчү» (смотрящий) М.А.К. кармалды.
Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда («Пара талап кылуу») каралган кылмыштын негизинде кармалган адам күч колдоном деп коркутуу жолу менен Аксы районундагы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылып жүргөнү аныкталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жашаган жеринде каттоодон өтпөгөн ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар табылып, процессуалдык тартипте алынды.
Учурда кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди. Кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК пара талап кылуу жана мыйзамдардын бузулушу боюнча Жалал-Абад облусундагы башкы башкармалыктын нөөмөт кызматына телефон аркылуу кайрылууну өтүнөт: (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61.