Өлкөдө бир нече ири курулуш компаниялардын жетекчилери камакка алынды. Алардын бири «Эмарк групп» курулуш ишканасынын жетекчиси Чолпонбек Акматов Бишкектин Октябрь райондук сотунун 12-октябрындагы токтому менен 4-ноябрга чейин тергөө абагына киргизилди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) менен айыпталып жатат. Бир күн мурун «Авангард стиль» курулуш компаниясынын жетекчиси Эрнис Миңкеев камакка алынганы белгилүү болгон. Ал да соттун чечими менен 4-ноябрга чейин №1 тергөө абагына киргизилген. Экономисттер ишкерлерди кармоо бизнеске жана инвестициялык климатка терс таасирин тийгизерин эскертишүүдө.
Өлкөдө бир нече ири курулуш компаниялардын жетекчилеринин камакка алынышы коомчулукту дүрбөттү. Расмий бийлик ишкерлердин кармалганы тууралуу кенен маалымат бере элек. Болгону кылмыш иштин алкагында кармалышып, соттун чечими менен камакка алынганы белгилүү болууда.
Ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу учурда ишкерлер «кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар» деген шек менен кармалып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстанда же өнүгүүнү көздөгөн өлкөлөрдө кош бийлик, башкача айтканда, альтернатива түзгөн экинчи бир мыйзамсыз бийлик болбошу керек.
Бирок ал ишкерлерди камоо бизнеске, инвесторлорго кооптонуу алып келерин айтат.
«Бул багытта караганда өкмөттүн кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөшүү иш-чарасын колдоого баары милдеттүү. Бирок экинчи жагынан караганда азыр өзгөчө курулуш тармагында ири ишканалардын аты чыгып, ири ишкерлер камалып жатат. Бул ишкерлердин, инвесторлордун кооптонушуна алып келет. Кыргызстан чакан эле мамлекет, качып кетүү мүмкүнчүлүгү жок. Булар камап эмес, сыртка чыгуусуна бөгөт коюу менен үй камагына алып, жумшагыраак мамиле менен изилдеп көрүшсө болмок».
Өткөн жумада «Мадина» базарынын ээси, ишкер Турсунтай Салимовго «криминал менен байланышы бар» деген айып коюлуп кармалган. Бирок ал бүгүн өзүнө козголгон ишти жеке көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылды.
Анткени чынчыл ишкерлердин кармалышы жана оор кылмыштарды жасоого негизсиз айыптоолор республиканын экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Бул тууралуу адвокат Кайсын Абакиров социалдык тармактарга билдирди.
Адвокаттын айтымында, айрым маалымат каражаттары «Турсунтай Салимов колонияларды каржылап, мурдагы жана азыркы криминалдык авторитет менен тыгыз байланышта болгон» деген такталбаган маалыматтарды жарыялашкан.
Экономист Эрлан Камалов да ишкерлерди камакка алуу өлкөдөгү инвестициялык климатка терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтат.
Ал бардык иштер кылдат иликтениши керектигин белгиледи.
Анын пикиринде, ишкерлер кылмыштуу топторго аргасыздан кайрылып, иштешүүгө мажбур болушу мүмкүн.
«Акыркы учурда бийлик уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөткөнүнө байланыштуу алар менен байланышы бар делген бизнес структуралардын, компаниялардын жетекчилери козголгон иштин алкагында жоопко тартылуу үчүн камалып жаткандыгы баарыбыз ойлоно турган өзүнчө бир сигнал десек болот. Себеби буга чейин бизнес коомчулук менен кылмыштуу дүйнөнүн өнөктөш болуп, чогуу иш алып баргандыгынан кабар берет. Бирок экинчи тарабын да эске алышыбыз керек. Ошол компаниялар учурунда аргасыздан уюшкан кылмыштуу топтор менен кызматташууга барса керек. Ошол жагын да жакшылап талдап көрүү керек. Учурунда укук коргоо органдарынан эч кандай колдоо жок болгондуктан, айла жок салык төлөп, уюшкан кылмыштуу топторду каржылап турушу да мүмкүн. Ошондуктан бул жерде ар бир кырдаалды, ар бир ишкананын жетекчиси менен болгон шарттарды тыгыз иликтеп, тергөө зарыл деп ойлойм».
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бийликтин уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүн колдойт жана бул багытта мамлекет таза бизнес кылгандарды коркутуп албашы керектигин белгилейт.
«Курулушту түшүнгөн адам катары айтсам, бир үйдү куруу ири суммадагы каражатты талап кылат. Өз маңдай тери менен курушу кыйын. Бир үйдү бүтүрүп, сатып, кайра башкасын куруп, жумуш кылса болот. Ал эми бир эле учурда квартал же микрорайон куруп кетиши үчүн өтө чоң каражат керектелет. Ага инвестор тартуу зарыл. Ал эми инвестор акчасын кайсыл жактан таап келет, бул башка маселе. Эгерде курулуш команиялар акча булагы кайсыл жактан келгенин билип туруп, келишим түзсө, албетте, «кимдир бирөөлөрдүн акчаларын адалдаштырганга жардам берди» деп жоопко тартылат. Таза ишкерлерге эч коркунуч жок. Мамлекеттик орган чынчыл, таза ишкерлерди аралыштырбай жумушун алып барышы керек».
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков ишкерлер өлкөнүн экономикасына киреше алып келген ири булак экенин эске салат.
Анын айтымында, мамлекет мындай учурда ишти кылдат иликтеп, ишкерлердин өлкө экономикасына тийгизген таасирин эске алышы керек.
«Тилекке каршы, учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө каршы күрөшүү процессинин алкагында курулуш компаниялардын жетекчилерин тиешеси барын да, жогун да камап жатышат. Ал эми Тимур Файзиевге буга чейин эле кылмыш иши козголгону белгилүү. Ошого окшогон адамдар уюшкан кылмыштуу топтун арам акчасын адалдоо кылмышынын алкагында камалганын билебиз. Бирок ошолордун арасына адал иштеген, кесипкөйлөрдү камап жатышканы — мамлекет үчүн эң чоң ката. Себеби булар — өлкөгө ири суммада салык төлөп, жумуш орундарын түзгөн ишканалар. Бул курулуш тармагына чоң сокку урат».
4-октябрда Кыргызстанда кримдүйнөсүнүн анабашы болгон Камчы Көлбаев атайын операция менен кармалып, жок кылынган. Андан кийин Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев криминал менен күрөшүү күчөтүлөрүн эскерткен жана ишкерлерге кайрылып, кылмыш дүйнөсүн каржылоону токтотууга чакырган.