Connect with us

Орусиядан Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү айтылды

Кыска кабар | 11 Окт 2023 | 316 | 0

Жалал-Абад шаарында «Кыргызстан менен Орусиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору» аталышында жыйын өтүп, жалпы суммасы 3 миллиард 500 миллион АКШ долларын түзгөн документтерге кол коюлду.

Бул тууралуу жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.

Анын маалыматында, 5 жылда Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсү 1,8 эсе өстү. Анын ичинде экспорт дээрлик 3 эсе, импорт 19,3%га өскөн. Өткөн жылы соода жүгүртүү рекорддук деңгээлге жетип, ал 3,4 млрд доллардын түздү.

Орусиянын Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүндөгү үлүшү дээрлик 28%ды түзөт.

«Биз эки тараптуу соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга чейин көбөйтүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар деген пикирдебиз. Биздин статистика боюнча, Орусиядан келген түз инвестициянын көлөмү өткөн жылы 145,6 млн АКШ долларын түзсө, жалпы үлүшүнүн агымы 12,1%ды түздү.

2023-жылдын 6 айында 87,2 млн АКШ доллар болду, ал эми түз чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы үлүшүнүн түшүүсү 20,3%ды түздү», — деди Акылбек Жапаров.

Жалал-Абадда өткөн кыргыз-орус конференциясына Орусия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук да катышты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM