Кыргызгидромет билдиргендей, 11-октябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +22…+27,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +16…+21.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+28 градус болот.