Connect with us

Азия оюндары: Алтын медаль алган спортчуларга 1 млн 250 миң сомдон берилди

Кыска кабар , Спорт | 10 Окт 2023 | 1127 | 0

Кытайдын Хуанчжоу шаарында өткөн Азия оюндарына катышкан Кыргызстандын спортчулары кечээ, 9-октябрда өлкөгө кайтып келишти.

Аларды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү тосуп алышып, салтанаттуу жыйында медаль алган спортчуларга Президенттин атынан акчалай байге тапшырышты.

Азия оюндарында алтын медаль алгандарга 1 млн 250 миң сомдун, күмүш медаль алгандарга 750 миң сомдун, коло медаль алгандарга 500 миң сомдун сертификаттары берилди.

Андан тышкары спортчулардын машыктыруучулары, дарыгерлери да сыйланышты.

«Сиздер 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медалды жеңдиңиздер. 45 өлкөнүн арасында 18-орунду ээледик. Бул — Кыргызстандын ар бир жараны үчүн чоң кубаныч жана зор сыймыктануу. Ар бир жеңиштин артында спортчулардын талыкпаган мээнети жатат. Мамлекет спортчулардын жетишкендиктерин жогору баалайт жана дем берүүнү уланта берет. Буюрса, алдыда күтүп жаткан 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында дагы бизди кубантып алтын медаль алып келесиңер деп ишенебиз жана биз өзүбүз тараптан болгон күчүбүздү жумшап, керектүү шарттарды түзүп берүүгө аракет кылабыз», – деди Акылбек Жапаров спортчуларды сыйлоо салтанатында.

Айта кетсек, 23-сентябрда башталып, 8-октябрда жыйынтыкталган Азия оюндарына жалпы 45 мамлекеттен 12 миң 500 спортчу катышып, спорттун 40 түрүнөн күч сынашкан.

Кыргызстандын спортчулары 15 (4 алтын, 2 күмүш, 9 коло) медаль уткан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM