Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз геология кызматынын 85 жылдык мааракеси белгиленди. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп жатып, тоо-кен тармагы 2020-жылы 18,2 млрд сом киреше бергенин, 2022-жылы 48,4 млрд сом киреше түшкөнүн айтты.
Анын маалыматына караганда, Кыргызстандын аймагында 15 миңден ашуун пайдалуу кен табылган жана анын 500үндө деталдуу изилдөөлөр жүргөн. Бүгүнкү күндө 345 кен мамлекеттик баланстын запасында турат.
Акылбек Жапаров тоо кен тармагындагы жүргүзүлүп жаткан жумуштардын натыйжасында бюжетке миллиарддаган киреше түшүп, ички дүң өндүрүмдүн көлөмүндө триллион деген сан пайда болгонун кошумчалады.
«Азыркы күндө өлкөдө отун-энергетикалык ресурстары боюнча –26 кен бар, кымбат баалуу металлдар боюнча – 60, түстүү жана сейрек металлдар боюнча – 36, гипс, сары таш, туз ж.б. ушул сыяктуу рудалык эмес – 38, курулуш материалдары боюнча 199 жерде материал алынат. «Жалал-Абад», «Ысык-Ата», «Арашан» сыяктуу 15тен ашуун минералдык суу кенибиз бар. Булар мамлекетке миллиарддаган кирешелерди берип жатат, ал эми ИДӨнүн көлөмү 1 триллиондон ашты», – деди ал.
Акылбек Жапаров Улуттук банкта 50 тоннадан ашуун алтын турганын, бул туруктуулукту билдирерин кошумчалады.
2024-жылы «Кыргыз геология» мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүнөт.