Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Германиянын Берлин шаарына иш сапары менен барды. Аны «Берлин-Бранденбург» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев тосуп алды.
Садыр Жапаров 29-сентябрда өтө турган «Германия – Борбордук Азия» саммитине катышат.
Германиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле «Германиянын экономикасынын чыгыш комитети» ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушат.