Кыргызстанда акыркы жылдары карылар үйүндө жашагандар көбөйдү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы өлкө боюнча карылар үйүндө 259 адам күн кечирсе, ушул жылдын 1-сентябрына карата 513 адам жашап жатканы белгилүү болгон. Мындай жагдайлардан улам Жогорку Кеңеште ата-энесин багуудан качкан балдардын жоопкерчилигин күчөтүүнү караган мыйзам долбоору сунушталды.
1-октябрь —Улгайгандардын эл аралык күнү. Кыргызстанда да жыл сайын бул күндүн урматына мамлекеттик деңгээлде бир топ иш-чаралар уюштурулуп келет.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Социалдык коргоо департаментинин директорунун орун басары Нуржан Алапаева учурда өлкө боюнча министрликке караштуу 17 социалдык-стационардык мекеме бар экенин белгиледи.
Анын бешөө – карылар жана майыптар үчүн жалпы типтеги коомдук имарат.
Министрликтин өкүлү карылар үйүндөгүлөргө шарт түзүү максатында кандай иштер аткарылып жатканына токтолду.
«2022-жылдын 1-январынан тарта карылар үйүндө жашагандардын тамак-ашына деген каражат 100 пайызга көтөрүлгөн. Башкача айтканда, мурда 100 сом болсо, азыркы учурда 200 сомго жогорулады. Мындан сырткары карылар күнүнө карата бардык беш мекемеде атайын майрамдык программалар бекитилген. Учурда ага даярданып жатабыз. Алардын тамак-ашы, кийими мамлекет тарабынан камсыздалып турат. Ошондой эле атайын донорлор тарабынан да жардамдар көрсөтүлүп турат».
Кыргызстанда улгайгандар үчүн жалпы камкордук жеткиликтүү болбогондуктан, алардын коомго аралашуусуна, активдүү жашоосуна тоскоолдуктар көп. Буга байланыштуу Кыргызстанда узак жана күүлүү-күчтүү жашоону жайылтуу боюнча концепция иштелип чыккан. Ал карылардын бакубат өмүр сүрүшүнө багытталган.
Бишкектеги социалдык-стационардык мекеменин директору Эркингүл Абдылдаева бүгүнкү күндө мекемеде 200дөн ашык адам бар экенин билдирди. Анын айтымында, карылар үйүнө көбүнчө турмуш-шарты оор, үй-бүлөсү менен таарынышып калгандар жана башка себептерден улам келишет.
Ал карылар үйүндө кыргыздар көбөйүп баратканын белгиледи. Ошондой эле атайын мекемеде улгайгандар убактысын кандай өткөрөрүн айтып берди.
«Мамлекеттик мекеме болгондуктан, бизде өзүнчө тартип бар. Ал өзүбүздүн жобо менен бекитилген. Эртең менен турушуп, дене көнүгүүлөрүн жасап, тамактанууга түшүшөт. Андан кийин бош убакыт болот. «Укол алам, дарыланам, дарыгерге көрүнөм» деп, керектүү кызматтарды алышат. Түшкү тамактануудан кийин эс алууга убакыт берилет. Андан кийин өздөрүнүн шыгына жараша ийримдерге катышат. Кечки тамак берилип, эс алышат. Эгер убакытты пайдалуу өткөрбөсө, бош отуруп калышса, стресске кабылышат. Ал ден соолугуна зыян алып келет».
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ата-энесин багуудан качкан балдардын жоопкерчилигин күчөтүүнү караган мыйзам долбоорун сунуштады. Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинин 26-сентябрдагы жыйынында мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Долбоорго ылайык, ата-энесине ырайымы жок балдар мамлекеттик кызматтарда иштей алышпайт. Кадр тандоодо ушул критерий эске алынат.
«Мыйзам чегинде эмгекке жарамдуу балдар ата-энесине камкордук көрсөтүүгө милдеттүү. Тилекке каршы, ата-эне деген балдары тарабынан кандай гана кордук көрбөсүн, арыз жазбайт экен. Эгер мыйзам кабыл алынып калса, карылар үйүнүн жетекчиси арыз менен кайрылып, карылар үйүнө келгендердин балдарын сураштырып, такташы керек. Ошого карата айып пул салуу же жумуштан бошотуу каралат».
Мыйзам кабыл алынса, ар бир жаран ата-энесин кароосуз калтырбайт. Эгер мындайга барса, 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салынат. Ал каражат ата-энесине жана алар жайгашкан карылар үйүнө колдоо көрсөтүүгө жумшалат.
Ал эми №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Бегимжан Канаева улгайгандар ден соолугуна кантип кам көрүшү керектигин айтып берди.
«Убагында өзүнүн үй-бүлөлүк дарыгерине кайрылып турушу керек. Текшерүүлөрдөн өтүп, анализдерди тапшырып турушу зарыл. Бул көп оорунун алдын алууга жардам берет. Алар бир канча анализ тапшырышы керек. Андан кийин диагнозун тактап алуу маанилүү. Дарыгер ошого карап профилактикалык сунуштарды берет. Ошого жараша дарылайт. Улгайгандардын убагында дарыланганы дурус болот».
Өлкөдө улгайгандар жалпы калктын 5%ын түзөт, бул сан жылдан жылга өсүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун божомолунда, 2030-жылга барып, калктын 7%ын карылар түзүп калат.
Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, 1990-жылдардагы балдардын аз төрөлүшү жаштардын санынын кыскарышына жана калктын демографиялык абалына таасир эткен.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 2020-жылга карата Жер шарындагы калктын 65 жаштан жогорку курагы рекорддук 9,32%ды түздү.