Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Быйыл 31-майда президенттин жарлыгына ылайык, Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.
Буга чейин Алтынбек Жумаев президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси, президенттин кеңешчиси болуп иштеген.
2021-жылдын 12-ноябрында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон. Ага чейин 7-каналдын директору кызматын аркалаган.
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси ага чейин Азимбек Бекназаров болгон. Ал 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен дайындалып, 2022-жылдын 5-августунда азыркы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ишинен бошотулган. Президенттин администрациясы мунун себебин кызматтык милдеттерин так аткара албаганы менен түшүндүргөн.