Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак өкмөттөрү данды үзгүлтүксүз жеткирүүгө макулдашты

Кыска кабар | 25 Сен 2023 | 488 | 0

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинде социалдык маанидеги жүктөрдү: дан, май, күйүүчү-майлоочу май, кантты үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылууга макулдашылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы 25-сентябрда кабарлады.

Эки тараптуу протоколго 23-сентябрда Казакстандын Тараз шаарында эки өлкөнүн өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынында кол кол коюлду.

Ага Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов баштаган делегациялар катышты.

Мындан тышкары Кыргыз Өкмөтү «Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтом кабыл алды. Мындай чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында чыккан.

Буудай менен унду алты айга чейин тышкы өлкөлөргө сатууга тыюу салынат.

Copyright © 2017 Maral FM