Connect with us

Кыргыз-казак ишкерлери 64 млн долларлык келишимдерге кол коюшту

Кыска кабар | 25 Сен 2023 | 261 | 0

Кыргызстан менен Казакстандын ишкерлеринин компаниялары ортосунда 64 миллион доллардан ашык суммага 12 келишимге жана меморандумга кол коюлду.

Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

22-сентябрда Казакстандын Тараз шаарында кыргыз-казак аймактар аралык форум өттү. Анын алкагында өткөн ишкерлер диалогунда эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүү үчүн бизнеске дем берүү чаралары, инвестиция агымынын өсүшү жана соода мамилелерин өнүктүрүү талкууланды.

Иш-чарага эки өлкөнүн айыл чарба, өнөр жай жана жеңил өнөр жай тармагындагы 70тен ашуун компаниялары катышты.

Кыргыз-казак ишкер диалогунун жыйынтыгында эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда жалпы суммасы 64 миллион АКШ долларынан ашкан 12 келишимге жана меморандумга кол коюлду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM