Connect with us

УКМК сот аткаруучу пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирди

Кыска кабар | 16 Сен 2023 | 172 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, 15-сентябрда Жайыл райондук сотунун кызматтык кеңсесинде 26 миң сом акчаны пара катары алып жаткан жеринен Жайыл районундук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Р.К. кармалды.

Буга чейин ал Т.К. аттуу жаранга тиешелүү Кара-Балта шаарында жайгашкан дүкөндү жана батирди камака алган. Маселени оң тарапка чечип берүү үчүн 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Бул факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү «Опузалап пара талап кылуу» боюнча иш козголгон.

Кармалган сот аткаруучу УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ыкчам- тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM