Connect with us

Amnesty International уюму «Kloop» басылмасына байланыштуу билдирүү таратты

Кыска кабар | 16 Сен 2023 | 262 | 0

Кыргыз бийлигинин «Kloop» басылмасынын сайтын жабуу аракети басма сөз эркиндиги үчүн кара күн болуп эсептелет. Бул тууралуу Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму билдирди.

«Клооп Медиа» Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу фактыларга негизделген маалымат берүүгө умтулган кадыр-барктуу көз карандысыз уюм. Өлкө бийлигинин аны жабуу аракети сөз эркиндиги жана Кыргызстандын жарандары үчүн адам укуктарынын пайдаланылышы жаатындагы регрессиянын акыркы кадамы», — деп билдирди эл аралык уюмдун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча изилдөөчүсү Мэйси Вайхердинг.

Эл аралык уюм кыргыз бийлигин «Kloop» басылмасына карата доо арызын кайтарып алууга жана ишин улантууга уруксат берүүгө чакырат.

13-сентябрда «Клооп» сайты  эки айга бөгөттөлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигине  караштуу маалыматтык саясат башкармалыгынын башкы адиси Зарина Калмуратова билдирди. Мындай чечимге келүүгө саясатчы Равшан Жээнбековдун абакта кыйноого кабылганы тууралуу макаланын сайттан алынбаганы себеп болгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM