Connect with us

Медициналык камсыздандыруу фондунда 147 млн сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Кыска кабар | 5 Сен 2023 | 387 | 0

Эсеп палатасы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 2022-жылга карата 147 миллион 793,3 миң сомго каржылык мыйзам бузууларды аныктады.

Мындан тышкары бюджеттик резервдер, сарамжалсыз пайдаланылган каражаттар аныкталды.

Анын ичинен 50 млн 361 миң 300 сом ордуна коюлушу керек болсо, 31 млн сому гана кайтарылган.

Акча каражатынан жана товардык материалдык баалуулуктардан жетишпестиктер 422,2 миң сомду түздү.

Эсептөө палатасы билдиргендей, каржылык мыйзам бузуулардын арасында товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестигине, бюджеттик акчаны керектөөдө кемчиликтерге, эмгек акыларды негизсиз төлөөлөргө, сапарлар үчүн негизсиз чыгымдоолорго жол берилген.

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары дээрлик 5 млн сомду түздү, анын 42 миң 250 сому гана ордуна коюлган.

Сарамжалсыз пайдаланылган каражат 85 млн 589 миӊ сомду түзгөн, анын ичинен 57,5 млн сом ордуна коюлууга тийиш болчу, бирок кайтарылган эмес.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM