Connect with us

Ошто көк бөрү оюну учурунда тартип бузууга шектелгендер кармалды

Кыска кабар | 2 Сен 2023 | 209 | 0

Ошто көк бөрү оюну учурунда коомдук тартипти бузган жарандар кармалганын Ош облустук милициясынан кабарлашты.

31-августта «Төлөйкөн» ат майданында көк бөрү оюну учурунда коомдук тартипти бузууга жана бейбаштык жасоого шектелип, 39 жаран милицияга жеткирилген, анын 27сине Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык» боюнча протокол түзүлгөн.

Ал эми беш жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголуп, Ноокат районунун 23 жаштагы тургуну М. уулу А., Араван районунун 29 жаштагы И.А., 34 жаштагы А.Б. аттуу тургундары, Өзгөн районунун 51 жаштагы тургуну Ж.Ж. жана Алай районунун 24 жаштагы К.уулу Б. аттуу тургуну милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда. Милиция окуяга күбө болгон жарандардан бейбаштыкка байланыштуу маалымат, видеотасма же сүрөт болсо Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы менен бөлүшүүнү суранат.

«Төлөйкөн» ат майданында Президенттин кубогуна арналган көк бөрү оюнунда 40 миңден ашуун көрүүчү келген. Беттеш аяктаганда калыстын чечимдерине көрүүчүлөр тарабынан нааразылыктар айтылып, көрүүчүлөр калыстарга карата желим бөтөлкө ыргытышкан.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ат майданындагы окуя  боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM