Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 22-августта Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13 күндүз +25…+30
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +19…+21, күндүз +33…+35 градус болот.