Канадада токойдо чыккан өрттөн улам бир катар шаарлардын калкын эвакуациялоодо жана өзгөчө кырдаал абалын жарыялады.
Канада өз тарыхындагы эң коркунучтуу өрттү башынан өткөрүп жатат. Бул тууралуу Канаданын Британ Колумбиясы провинциясынын жетекчиси Дэвид Эби билдирүү жасады.
Ал билдирүүсүндө өзгөчө кырдаал жарыяланганын жана абал барган сайын курчуп жатканын кошумчалаган.
Учурда миңдеген жарандар Ванкуверге жакын жерлерден эвакуацияланган. Бирок алар үйлөрүнө качан кайта турганы азырынча белгисиз. Дагы он миңдей канадалык эвакуацияга даярданууда.
Канаданын токойлорун каптаган өрт быйылкы катуу ысыктан улам келип чыкканы айтылууда. Учурда өрттүн аянты 10 миң гектардан ашты.