Connect with us

29-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 28 Июл 2023 | 349 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 29-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +31…+36,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Нарын облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +19…+21, күндүзгү жогорку температура +33…+35 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM