Connect with us

Бишкек мэриясы 300 эски автобусту сатты

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 253 | 0

Бишкек мэриясы «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын» базасында 300 даана эски «Ясин» автобустары сатылганын кабарлады.

Маалыматка караганда, эски автобустардын 90% алынып, сатылган автобустардан чыккан таштандыларды чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө. Учурда газ менен жүрүүчү жаңы автобустардын келишине орун даярдалып жатат.

Ошондой эле Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти менен биргеликте Исакеев көчөсүндөгү жеңил конструкцияны бузуу иштери жүрүп жатат. Бул аймакты бузуп, өткөрүп берүү менен ишкананын аймагы 1,7 га кеңейет.

Автопарк таштандылардан тазалангандан кийин асфальт төшөө, тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлүп, айланасы көрктөндүрүлөт.

Мындан тышкары  ишкананын аймагында газ толтуруучу компрессордук станциянын курулушу жүрүп жатат. Курулуш аянтчасын үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында аяктоо пландалууда.

Ишкананын жумушчуларына, автобус оңдоочуларына (слесарларга) ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, өндүрүштүк имаратты оңдоо, чатырын алмаштыруу  иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM