Connect with us

Бишкек ЖЭБине Казакстандан көмүр жеткириле баштады

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 207 | 0

Бишкек жылуулук элетр борборуна Казакстандын «Шабыркүл» кенинен көмүр жеткирилди. Энергетика министрлиги билдиргендей, 3200 тонна болгон 47 вагон көмүр түшүрүлдү.

Быйыл күз-кыш жылытуу мезгилинде Бишкек ЖЭБине 1,5 миллион тонна көмүр керектелет.

Казакстандык ОсОО «Инновациялык Гефест» компаниясы менен 550 миң тонна көмүр алып келүү боюнча келишим түзүлгөн.

Калориясы 5500 ккал/кг кем эмес.

Көмүрдүн калган 48 вагону жакынкы күндөрү графиктин негизинде жеткирилет. 550 мин тонна көмүрдү жеткирүү график менен март айына чейин созулат.

Мындан тышкары Кара-Кече кенинен 600 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна көмүр алуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM