Connect with us

Токмоктогу жеке мектепте окуучулардын аттестат албай калышынын себеби айтылды

Кыска кабар | 14 Июл 2023 | 155 | 0

Токмок шаарындагы жеке менчик IQ окуу тарбия комплексинде 2022-2023-окуу жылында 84 бүтүрүүчү аттестат ала элек. Себеби жеке мектептин сырттан окууга лицензиясы болгон эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева 14-июлда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул мектеп лицензиясы жок болгонуна карабастан 84 окуучуну сырттан окуткан.

«Бул мектептин лицензиясы жок болгондуктан билим берүү министрлиги окуучуларга аттестат бере албайт жана алар жогорку окуу жайларга да тапшыра албайт. Мындан тышкары, мектеп жетекчилиги бир жылда эки классты бүтүрүү үчүн 84 окуучунун ата-энелеринен жалпы 6 млн сомдон ашык акча чогулткан, бул мыйзамсыз жана кайтарылып берилиши керек. Алардын жоопкерчиликке тартылышын укук коргоо органдарынан өтүнөбүз» , — деди министрдин орун басары.

Ашимбаева аталган мектеп былтыр да 19 бүтүрүүчүгө аттестатты мыйзамсыз бергенин айтты.

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын күнөөсү жок экенин жана алардын мамлекеттик мектептерде 11-классты мыйзамдуу окуп бүтүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүк берилерин билдирди.

Мыйзамсыз иштеп жаткан жеке менчик окуу жайларды текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM