Connect with us

14-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 13 Июл 2023 | 133 | 0

13-14-июлда күн катуу ысыйт. Бул күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы мүмкүн.

Мындай кургак ысыкта ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

14-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40,

Талас облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +36…+41,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү төмөнкү температура +23…+25, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM