Connect with us

Жапаров: Кыргызстан зениттик-ракеталык комплекс сатып алды

Кыска кабар | 13 Июн 2023 | 630 | 0

Бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров Кыргызстан Куралдуу күчтөрүн кантип чыңдап жатканына токтолду.

Ал белгилегендей, акыркы дүйнөдө болуп жаткан кырдаалда коопсуздукту чыңдоо зарыл.

«Акыркы 30 жылда биринчи жолу заманбап аскердик жабдууларды сатып алдык. Бул бир гана «Байрактар» ​​эмес, заманбап техниканын жаңы түрлөрүн сатып алуудабыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2 тик учак сатып алдык, Коргоо министрлигинин 5 тик учагы капиталдык оңдоодон өттү, мындан тышкары Ми-17 тик учактарын алууну пландап жатабыз», — деди президент.

Ошондой эле Жапаров «Печора» зениттик-ракеталык комплекси да сатылып алынганын билдирди.

Мындан сырткары ал Орусия менен аба чабуулунан коргонуунун бириккен системасы түзүлгөнүн маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM