Биз менен байланышыңыз

Футбол: Алимардон Шүкүров Иранга каршы оюнда улуттук курама менен ойнойт

Кыска кабар | 12 Июн 2023 | 580 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров CAFA Nations Cup-2023 оюндарында улуттук курамага кошулуп ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.

Анын жарааты айыкканы жана «ак шумкарларды» колдоо үчүн Беларустан Бишкекке келе жатканы айтылды.

Шүкүров быйыл апрелде Беларусь чемпионатынын 6-турунун алкагында «Неман» менен «Динамо» командаларынын оюнунда катуу жараат алган.

Алимардон Шүкүров беларусиялык «Неман» клубунда 2021-жылдан бери ойнойт. Ага чейин түркиялык «Болуспор» клубунда ойноп келген.

«Неман» — Беларусиянын Жогорку лигасындагы клуб. Анда буга чейин кыргызстандык дагы бир футболчу Гүлжигит Алыкулов да ойногон.

10-июнда Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлгөн CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдеште Кыргызстандын курама командасы 1:0 эсебинде Ооганстандын курамасын утту.

Эми Кыргызстан «В» тайпасында Ирандын командасы менен 16-июнда ойнойт.

Кыргызстан менен Ооганстандын футбол курамаларынын беттешин президент Садыр Жапаров баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү стадиондон көрүштү.

Copyright © 2017 Maral FM