Connect with us

Сагымбайдын вариантындагы «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун тизмесине катталды

Кыска кабар | 9 Июн 2023 | 292 | 0

ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азуле президент Садыр Жапаровго Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосу материалдык эмес мурастар тизмесине киргенин тастыктаган күбөлүк тапшырды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстан ЮНЕСКО менен кызматташууга, билим берүү жана илим жаатындагы эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Садыр Жапаров улуттук креативдүү индустрияны өнүктүрүүдө, биринчи кезекте Борбор Азияда технологияларды жана санариптик инновацияларды колдонуу боюнча аймактык демилгелердин алкагында ЮНЕСКОнун көмөгүнө үмүт артарын айтты.

ЮНЕСКОнун Башкы директору Одрэ Азуле өз кезегинде мамлекет башчысына меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга биринчи жолу келүү ал үчүн сыймык экенин белгиледи.

Ал ЮНЕСКО менен кызматташуу маселелеринде адамзаттын маданий жана тарыхый мурастарын сактоо ишинде Кыргызстандын активдүү позициясын абдан канааттануу менен баса белгиледи.

Одрэ Азуле Кыргызстандагы материалдык эмес мурастардын көптүгүн жана ар түрдүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын тарыхый жана маданий эстеликтерин келечек муундар үчүн сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосундагы кызматташтыкты, ошондой эле биргелешкен программаларды ишке ашыруу боюнча мындан аркы пландарды өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

 

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM