Connect with us

Депутаттар Бишкектеги суу тартыштыгы маселесин көтөрүштү

Кыска кабар | 7 Июн 2023 | 314 | 0

Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында бир катар депутаттар Бишкектеги суу тартыштыгын көтөрүштү.

Алсак депутат Дастан Бекешев Бишкекте учурдагы эң чоң маселе суу болуп, ал үч жумадан бери айтылганы менен мэрия алгылыктуу иш кылбай жатканын сындады.

«Же мэрия бул маселе боюнча кененирээк маалымат бербейт, же Бишкек шаардык кеңешинде отурум болбойт, же өкмөт карабайт. Маселе чечилгендин ордуна абал күн сайын оорлошуп бара жатат. Ошондуктан мэрдин маалыматын бүгүнкү жыйында уксак», — деди депутат.

Ошондой эле депутат Улан Примов да суу маселесине токтолуп, суу башында туруп, тартыш болгону чоң маселе экенин белгиледи. Анын айтымында, Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарда 10 күндөн бери суу жок болуп, элдин нааразычылыгын күчөтүп жатат.

Депутат Максатбек Сарбагышев Бишкектеги суу тартыштыгын чечүү үчүн унаа жуучу жайларды жабуу маселеси көтөрүлүп жатканын белгилеп, аларды жабуудан мурда, альтернативдик жолдорду карап чыгууну сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM