Кыргызстанга сырттан ташылган өсүмдүк майларына кошумча нарк салыгы жоюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтомунда айтылган.
Мындай чечим өлкөдө азык-түлүк жана коопсуздугун камсыз кылуу жана тамак-аш товарларына карата базар баасын турукташтыруу максатында кабыл алынды.
Өсүмдүк майына түшүрүлгөн кошумча нарк салыгынын нөлдүк чени 2023-жылдын 15-майынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
Кыргызстанда өсүмдүк майын керектөө 60 миң тоннаны түзөт. Өлкөдө мунун 5-6 миң тоннасы, же 9-10% гана өндүрүлүп, калганы сырттан ташылат.