Биз менен байланышыңыз

«Соцкурулуштарды каржылоо токтоп, мугалимдердин өргүү акысына акча топтолду»

Кыска кабар | 24 мая 2023 | 266 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүнкү жыйында социалдык курулуштарды каржылоо эмне үчүн токтоп турганы боюнча түшүндүрмө берди.

Ал Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун маалыматына таянуу менен мектеп, бала бакчалардын курулушуна каржылоо ушул жумадан баштап ачыла тургандыгын билдирди.

«Май айынын аягында мугалимдер эмгек өргүүсүнө чыгышат. Алардын эмгек өргүүсүн төлөө үчүн 9 млрд сом керектелет экен. Азыр бардык каражатты мугалимдердин эмгек өргүүсүнө топтоп жатыптыр. Эми ушул жумадан баштап социалдык курулуштарга каражаттар өзүнүн графиги менен төлөнө баштайт», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM