Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Ысык-Көлдөгү кесиптик кошуундардын мыйзамсыз иштерин аныктады

Кыска кабар | 24 мая 2023 | 202 | 0

«Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия Ысык-Көл районуна иш сапары менен барды.

Алар «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо комплексинин мүлкүн талап-тоноо фактысы боюнча маалымат алышкан. Жергиликтүүлөр белгилегендей, мекеменин жерлери четинен сатылып, болжол менен 37 млн сом зыян келтирилген.

Аталган эс алуу жайы майып балдарды эс алдыруу, ден соолугун калыбына келтирүүгө ылайыкташкан. Бирок, анын азыркы шарты өтө эле начар абалга келип, талапка жооп бербейт.

«Телтору» пансионаты да кесиптик кошуундарга таандык. 1992-жылы курулган бул имарат толук кароосуз калган. Айтылгандарга караганда, мурдагы директор 2,5 гектар жерди атасынын наамына өткөрүп берген.

«Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамда менчиктештиргенге болбосу так жазылганына карабай, кандайдыр жолдорун таап, четинен сатып, зыянга учураткан көптөгөн фактылар аныкталган.

Жолугушууда депутат Чыңгыз Ажибаев тиешеси бар кызматкерлерди мыйзамга ылайык жоопко тартууну сунуштады.

Комиссия маселени толук иликтеп бүткөндөн кийин иштин корутундусу Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилери маалымдалды.

Депутаттык комиссиянын курамына Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов, Максатбек Сарбагышев, Аида Исатбек кызы, Нилуфар Алимжанова, Алишер Эрбаев, Чыңгыз Ажибаев кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM