Биз менен байланышыңыз

«Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору менен 2.2 млрд сом насыя берилди

Кыска кабар | 20 мая 2023 | 295 | 0

«Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча дыйкандарга 2.2 млрд сомго насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 524.8 млн сомго 1282 насыя берилген. Анын ичинен «Айыл банк» – 311 млн сомго 738 насыя берсе, «РСК банк» – 213.4 млн сомго 544 жаранга насыя берген.

Ал эми мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 1.7 млрд сомго 3729 насыя берилген.

Анын иченен «Айыл банк»– 726.8 млн сомго 1528 насыя, «РСК Банк» – 1 млрд сомго 2201 насыя.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM