Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл районунда 146 мыйзамсыз курулуш аныкталды

Кыска кабар | 20 мая 2023 | 430 | 0

Ысык-Көл районунда 146 мыйзамсыз эс алуучу жайлар аныкталды. Алдыда тиешелүү материалдар сот органдарына өткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, курулуш агенттиги облустагы эс алуучу жайларды, пансионаттарды курулуш ченемдерди жана архитектура жана шаар куруу мыйзамдарынын сакталышынн инвентаризацияны жана саркындуу сууларды тазалоочу курулмаларын мониторингдөө процессин аяктаган.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл районунун аймагында бардыгы болуп 146 объект аныкталды, анда шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзам бузуулар катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM