Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Кытайдан дагы 1000 автобус сатып алат

Кыска кабар | 20 мая 2023 | 208 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда, Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында Zhongtong bus Holding Co., LTD автобус чыгаруучу заводуна барды. Буга чейин бул заводдон Бишкек үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобус сатылып алынган. Алар сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими кабыл алынган эле.

Автобустардын бул партиясы этап-этабы менен Бишкекке жеткирилет. 500 автобустун биринчи партиясы этап-этабы менен үстүбүздөгү жылы, жарымы 2024-жылы жеткирилет деп күтүлүүдө.

Компаниянын жетекчилиги Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү жана бекемдөө ниетин тастыктап, чыгарылган продукциянын жогорку сапатына жана тейлөөсүнө кепилдик берди.

Президент Садыр Жапаров компаниянын жетекчилигине кайрылып, кыргыз тарап чыгарылган автобустардын коопсуздугуна, ыңгайлуулугуна, сапатына жана экологиялык жактан таза болушуна өзгөчө маани берерине көңүл бурду.

Жыйынтыгында тараптар бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча макулдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM