Connect with us

Эки аялдаманын курулушуна 844 миң сом которгон айыл өкмөт башчысы кармалды

Кыска кабар | 20 Май 2023 | 1059 | 0

Ысык-Көл райондук прокуратурасы Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун каражаттарынан «Тамчы» эл аралык аэропортунун маңдайындагы эки аялдаманын курулушунун мыйзамдуулугун текшерди. Анын натыйжасында аялдамалардын курулушуна алдын ала  844 миң 100 сом акча каражатын которушкандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдө, Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ф.К.Б Ысык-Көл районун өнүктүрүү фондунун директору Д.М.А. менен кылмыштуу бүтүмгө барып, өзүнүн кызматтык милдеттерин кыянаттык менен пайдаланып, келишимди бузуп, аялдама пункттарын куруу боюнча курулуш иштери башталбагандыгына жана келишимге ылайык сапатта кабыл алынбагандыгына карабастан «Д.Л» ЖЧКсынын эсебине алдын ала 844 миң 100 сом акча каражатын которушкандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иштин алкагында, Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ф.К.Б. жана Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору Д.М.А. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда иш боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM