Министрлер кабинети менен Кытайдын өкмөтүнүн ортосунда акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин сайтына жарыяланды.
Такталгандай, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ганг Кыргызстанга 42.6 млн доллар же 300 млн юань өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол койду.
Бул макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтыктын алкагында артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүнөт.