Борбордук шайлоо комиссиясы №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо аяктаганын жарыялады.
Алынган маалыматка караганда, депутаттыкка 32 талапкер (27 эркек, 5 аял) ат салыша турган болду.
- Эркин Булекбаев
- Максат Кунакунов
- Аким Маликов
- Карачач Исмаилова
- Айбек Субанов
- Эртай Искаков
- Өмүрбек Суваналиев
- Асылбек Кадыралиев
- Турсунбай Бакир уулу
- Илимбек Аттокур уулу
- Элдар Мадылбеков
- Данияр Тербишалиев
- Акин Токталиев
- Кубанычбек Макешов
- Андрей Скорняков
- Мирлан Камбаров
- Салтанат Сагидаева
- Дамира Ниязалиева
- Бакытбек Мураталиев
- Улан Сариев
- Бактыбек Рысалиев
- Гүлшат Тазабекова
- Ажыбек Касымалиев
- Муктарбек Айткулов
- Бакыт Керимбеков
- Таалайкүл Айдаралиева
- Темир Эмилов
- Азамат Медеров
- Равшан Жээнбеков
- Акыл Айтбаев
- Илгиз Сарылдык уулу
- Руслан Бекназаров
Округдан жалпы 49 адам шайлоого катышуу ниетин билдирген. Булардын ичинен он бири арызын артка кайтарып алган. Алтоону талапкер каттоо үчүн зарыл документтерин бербегендигине байланыштуу БШК четтеткен.
№26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер катары катышып жаткандардын катар номерин аныктоо үчүн бүгүн, 6-майда чүчүкулак тартылат. Үгүт иштери 8-майда башталат. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга белгиленген.