Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 261 | 0

Бүгүн, 2-майда саат 10:46да Кыргызстандын түштүк аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Чаткал тоо кыркаларында, тагыраак айтканда, Кашка-Суу айылынан түндүк-чыгышка карай 15 км, Жылгын айылынан батышка карай 20 км, Аркыт айылынан түндүк-батышка карай 25 км, Кербен айылынан чыгышка карай 25 км жана Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 155 км аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Аркы, жылгын, Кашка-Суу, Авлетим, Тегирмен-Сай айылдарында 3,5 балл, Достук айылында 3 баллга чейин сезилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM